Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК КОР – КР мыйзамдары боюнча КР мобилизациялык муктаждыктарын камсыз кылууга багытталган материалдык баалуулуктардын мамлекеттик өзгөчө жыйымы; табигый кырсыктардын жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда биринчи кезектеги иштерди камсыз кылуу; ички базарда сунуш менен суроо-талаптардын ортосундагы дал келбестиктердин шарттарында, азык-түлүктөр, жылуулук-энергетикалык ресурстар жана маанилүү чийки заттар менен жабдуу убактылуу бузулганда экономиканы турукташтыруу максатында уюмдарга экономиканын аркыл тармактарына мамлекеттик колдоо көрсөтүү; гуманитардык жардамдарды ишке ашыруу. М. р. мамлекеттик менчиктин өзгөчө колтийгис объектиси болуп саналат жана КР Президентинин жардыгы жана буйругу, КР Өкмөтүнүн токтому жана буйругу менен гана пайдаланылышы мүмкүн.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК КОРГОО ТАПШЫРЫГЫ – мамлекеттик муктаждыктар үчүн мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгүн жана коопсуздугун зарыл болгон деңгээлде кармап туруу максаттарында тийиштүү продукцияларды: курал жарактарды, ок-дарыларды, аскер техникаларын, аскердик жабдууларды, жабдуучу бөлүктөрдү, материалдарды берүү, жумуштарды аткаруу, кызмат көрсөтүү, ошондой эле эларалык келишимдерге ылайык чет мамлекеттер менен аскердик-техникалык кызматташуу жаатындагы экспорттук-импорттук алмашууларды алдынала караган укуктук акт.